04:42
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Дрондун жардамы менен браконьерлерге жана зыянкечтерге каршы күрөш жүргүзүлөт

Курчап турган айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттиги дрондун жардамы менен браконьерлерге жана зыянкечтерге каршы күрөшөт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, көп функциялуу учкучсуз учуучу аппараттарды 2 миллион 453 миң 996 сомго сатып алуу пландалууда. Агенттик мамлекеттик сатып алуулар порталына ачык тендер жарыялады.

Учкучсуз учуучу аппараттын жардамы аркылуу айлана-чөйрөдө болуп жаткан көрүнүштөр каттоого алынмакчы.