15:55
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жаратылыш министрлиги 2023-жылы мыйзам бузуулар үчүн 3,4 миллион сом өндүргөн

Жаратылыш ресурстары министрлиги 2023-жылы мыйзам бузуулар үчүн 3,4 миллион сом өндүргөн. Мындай маалыматтар мекеменин коллегияда айтылганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча 300 мыйзам бузуу фактысы аныкталып 4,6 милллион сом доо коюлуп, 245 иш боюнча 3,4 миллион сом өндүрүлгөн.

Чет элдик жарандарга аңчылык кылууга уруксат берүүдөн республикалык бюджетке 106,4 миллион сом түшкөн.

Курчап турган чөйрөнү булгагандыгы, суу ресустары жана суу объекттерин пайдалангандыгы, мамлекеттик токой фондунун жана козу карындарды колдонгондугу үчүн каралган төлөмдөр жана экологиялык зыяндын ордун толтуруу үчүн коюлган жыйымдар, контролдук-көзөмөл чараларын жүргүзүүдөн, өзгөчө корголуучу табигый аймактардан жана башка мыйзамда белгиленген жыйымдардын жалпы суммасы 1,1 миллиард сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума