12:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Токой чарбасы агенттигинин директорунун мурдагы орун басары кармалды

Министрлер кабинетине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кыматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө, 2018-2019-жылдары Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (азыр жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги) кызмат адамдары мыйзам талаптарын бузуп, калдыктардын коркунуч классынын категорияларын аныктоочу реагенттер боюнча тастыктоочу документтери жана маалыматтары жок болгон субъекттердин өкүлдөрү менен кылмыштуу макулдашууга барышкандыгы аныкталган. Алар калдыктардын коркунуч классынын эң төмөнкү категориясын мыйзамсыз белгилешип, булгануу акысынын наркын төмөндөтүшкөн.

Мындан сырткары, алтын казуучу айрым ишканалардын талапка туура келбеген нормативдик-техникалык документтерин бекитип беришип, анын натыйжасында мамлекетке 100 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн тергөөнүн жүрүшүндө, 2022-жылдын 6-октябрында аталган кылмышка шектүү катары Министрликтин мамлекеттик экологиялык экспертиза башкармалыгынын башчысы С.Б.С. жана курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун мурдагы орун басары Р.А.А. кармалышып, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча айып тагылып, камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынды. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар