17:11
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Баткен токой чарбасынын башчысы пара алып жаткан жеринин кармалды

Баткен токой чарбасынын башчысы пара алып жаткан жеринин кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 32 миң сом пара алып жаткан жеринин К.А. колго түштү. Ал кол алдындагылардан ишкананы текшере турган адамдарга берем деп акча чогултуп жатканы аныкталды.

Текшерүү маалында ал буга чейин дагы эреже бузганы анык болду. 2017-2018-жылдары сатып алуу боюнча өткөрүлгөн документтер боюнча мыйзамсыз 14,7 миң ийне жалбырактуу көчөттөр сатылып, токой чарбанын жайытынын ижарасынан келип түшкөн акча менчиктештирилип кеткен.

Учурда ага баш коргоо чарасы катары үй камагында калуу чечими чыгарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар