USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Зилзала курмандыктары. Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын Президентине көңүл айтты

09:02, 08 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодого Индонезиянын Ломбок аралында болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Индонезия Республикасынын Ломбок аралында болгон жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен, бардык жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика