15:04
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров Индиядагы окуяга байланыштуу Нарендра Модиге көңүл айтты

Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Гуджарат штатында көпүрө кыйрап, адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттина басма сөз кызматы билдирет.

«Индиянын Гуджарат штатындагы Морби шаарында асма көпүрө кыйрап, андан улам каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Бүткүл кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каргашалуу окуяда каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Жабыркаган жарандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эң көп окулган жаңылыктар