13:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Биринчи вице-премьер Мария Айтматованын көз жумганына байланыштуу көңүл айтты

Биринчи премьер-министр Артем Новиков Мария Айтматованын көз жумганына байланыштуу көңүл айтты Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Айтматова Мария Урматовнанын дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун музасы, анын биринчи окурманы жана сынчысы болгон. Ал үйдүн кутунун сактоочусу болгон.

Мария Урматовнанын туугандарына, жакындарына, кесиптештерине жалпы эле аны билгендерге чын жүрөгүмдөн көңүл айтам. Мария Айтматованын жана Чыңгыз Айтматовдун элеси түбөлүккө биздин жүрөгүбүздө сакталат», — деп жазат Новиков.

Эң көп окулган жаңылыктар