17:16
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Садыр Жапаров Түркиядагы өрт кырсыгына байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын бир нече провинциясындагы адам өмүрлөрүн алган, оор кесепеттерге алып келген өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билидерт.

«Түркиянын бир нече провинциясында чыккан өрттүн себебинен каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул оор мезгилде Түркия элине табигый кырсыктын кесепеттерин жеңип чыгууда кайраттуулукту жана туруктуулукту каалайм.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам, ошондой эле бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Эң көп окулган жаңылыктар