USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Өзбекстан жараны «Ислам мамлекети» тобун каржылоого айыпталууда

09:08, 06 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан жараны эл аралык «Ислам мамлекети» террордук уюмунун керектөөлөрү үчүн бир миллиондон ашык рубль которууга айыпталууда. Бул тууралуу Орусия Тергөө комитетинин Петербург боюнча башкармалыгы билдирүүдө.

Учурда өзбекстандык аялдын баш коргоо чарасын аныктоо маселеси каралууда.

Тергөөнүн маалыматы боюнча айыпталуучу 2016-жылдын июнь айынан тарта 2017-жылдын октябрь айына чейин ИМ тобунун мүчөлөрүнөн акча алып, Түркиядагы жеке банк эсеби аркылуу экстремисттик уюмга которуп турган.

Айыпталуучу ИМ тобунун керектөөлөрү үчүн жалпысынан бир миллион рублдай акча жөнөткөн.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика