13:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

2018-жылдын аягына чейин өлкөнүн бардык мектептери Интернетке кошулат

2018-жылдын аягына чейин Кыргызстандын бардык мектептери Интернетке кошулат. Бул тууралуу 3-августта өткөн өкмөт жыйынында белгилүү болду.

Мектептерди дүйнөлүк түйүнгө кошуу милдеттенмесин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети моюнуна алды. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы окуу жылдын башына чейин өлкөнүн ичиндеги мектептердин 80 пайызына Интернет желеси тартылсын, ал эми 31-декабрга чейин 100 пайыз мектептерде Интернет пайда болсун деп тийиштүү органдарга тапшырма берди.

Биз инновациялык мектеп, жаңы технологияларды, билим берүүнүн жаңы ыкмаларын жеткиребиз десек ар бир мектепте Интернет болуш керек да. Ошондуктан биз биринчи интернетти жеткирип коюп андан кийин жаңы ыкмалар, жаңы технологиялар киргизилет деп айтышыбыз керек. Мектепке Интерет барды деген бул ар бир айылга интернет кирди деген сөз.

Мухаммедкалый Абылгазиев

3-августта өкмөттө жыйын болуп, анда окуу жайлардын жаңы окуу жылына даярдыгы жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү тууралуу маселелер каралды.

Эң көп окулган жаңылыктар