06:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Данияр Арпачиев ишенимден ажыратуу тууралуу чечимге түшүндүрмө берди

Караколдун мэри Данияр Арпачиев «24.kg» агенттигине аны шаардык кеңештин депутаттары ишенимден ажыраткандыгы тууралуу чечимине түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, акыркы жарым жылдан бери мэрия менен депутаттар арасында карам-каршылыктар болуп келген. Сессиянын алдында депутаттар мэрге кызматтан өз ыктыяры менен кетүү тууралуу арызын жазууну сунушташкан. Бирок Данияр Арпачиев андан баш тарткан.

«Ушул жылдын февралында кызматтан кетүү үчүн өз ыктыярым менен арыз жазгам. Бирок, ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков отставкамды кабыл алган эмес. Дагы бир жолу арыз жазууну туура көрбөдүм. Ошондо 13 депутат мени ишенимден ажыратууну сунушташты. Отурумга 30 депутат катышып, 28 депутат мага каршы добушун беришти», — деди Данияр Арпачиев.

Эмнеге депутаттар мени ишенимден ажыратууну чечишти, биле албайм. Мен мындай суроолорго түшүндүрмө бере албайм. Депутаттар гана жообун билишет. Балким саясий мотивдер болушу мүмкүн. Бирок, Караколдун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жакшы.

Данияр Арпачиев

Эң көп окулган жаңылыктар