08:50
USD 69.25
EUR 81.03
RUB 1.03

Караколдо депутаттар мэрди ишенимден ажыратуу сунушун колдошту

Каракол шаардык кеңешинин депутаттары мэр Данияр Арпачиевди ишенимден ажыратуу сунушун колдошту. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ шаардык кеңештин кезексиз отуруму болуп, анда мэрди ишенимден ажыратуу маселеси көтөрүлдү. Жыйынтыгында 31 депутаттан 30у мэрдин кызматтан кетиши үчүн добуш беришти.

Эске салсак, Данияр Арпачиев ишенимден ажырап кызматтан кеткен экинчи шаар башчысы болуп калды. Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов дагы ишенимден ажыратылып, кызматтан бошотулган болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар