00:49
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Алмаз Кененбаев: Фракциялардан талапкерлер тууралуу эч кандай маалымат түшө элек

Бишкек шаарынын мэрдик кызматына бул же тигил талапкерди колдоп бергиле деп шаардык кеңешке эч ким кайрылган жок. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев билдирди.

«Албек Ибраимовду мэрдик кызматтан бошотуу тууралуу жарлык кечээ эле чыкты. Эми борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди көрсөтүү боюнча мөөнөттү белгилеш керек. Азырынча фракциялардан талапкерлер тууралуу эч кандай маалымат түшө элек», — деди Алмаз Кененбаев.

Алмаз Кененбаев өзү талапкерлигин коебу деген суроого «Баардыгы кудайдын колунда. Мен жөн гана шаардыктар менен активдүү иш алып барып жатам», - деп жооп берди.

Белгилей кетсек, фракциянын лидерлери азырынча эч кандай түшүндүрмө берише элек.