15:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Каракол шаардык кеңешинин депутаттары биринчи вице-мэрди ишенимден ажыратты

Каракол шаардык кеңешинин депутаттары биринчи вице-мэр Сеит Өскөнбаевди ишенимден ажыратты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине депутат Азамат Айтбаев билдирди. 

Анын айтымында, бүгүн шаардык кеңештин кезектен сырткары сессиясы болду. Ага 27 депутат катышты.

«Буга чейин тургундардан жер маселеси боюнча көп арыз түшкөн. Өскөнбаев муниципалдык менчик департаментинин ишмердүүлүгүн башкарат. 2012-жылы анын жубайы алтын запастагы жерден бир гектар участокту ижарага алган. Ал жылына жер салыгы үчүн 11 миң 200 сом +587 сом төлөшү керек эле. Бирок бүгүнкү күндө карыз болжол менен 86 миң сомду түздү», — дейт Азамат Айтбаев.

Ал билдиргендей 23 депутат ишенбестик көрсөтүштү.

Эң көп окулган жаңылыктар