Кыргызстандык мушкерлер тай боксу боюнча студенттер арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта 2 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, эркектер арасында 11 салмак категориясы боюнча беттеш болду.
Спорттук иш-чара 23-29-июль күндөрү Тайландда өттү.