22:14
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Орусияда өлтүрүлгөн беш жашар кыз Душанбеге жеткирилди

Орусиянын Серпухово шаарында өлтүрүлгөн беш жашар Хувайдо Тиллозоданын сөөгү 25-июль күнү эртең менен Душанбеге жеткирилди.

Наристе 22-июлда жергиликтүү жашоочу тарабынан зордукталган жана өлтүрүлгөн. Анын сөөгү 23-июлда Серпуховодогу темир жол станциясынын жанында спорттук баштыктан табылган.

Хувайдонун сөөгүн ата-энеси, Тажикстандын Эмгек, миграция, иш менен камсыздоо министрлигинин өкулдөрү коштоп келишти.

Хувайдонун атасы Абдусалом Саидов бир жумадан кийин Орусияга кайтып келерин, кызын өлтүргөн кишинин оор жазага тартылышын талап кыларын билдирди. «Мен киши өлтүргүчтүн көзүнө тик карагым келди, бирок уруксат беришкен жок», — деди ал.

Орусиянын Серпухово шаарында беш жашар Хувайдо Тиллозоданын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу 24-июлда Тажикстан Орусияга нааразылык нотасын жөнөткөн. Тажикстан ТИМи Орусиянын тиешелүү органдарынан наристенин өлүмүн кылдат иликтөөнү жана кылмышкерди катуу жазалоону талап кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума