10:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстан беш жашар кызды өлтүргөн кылмышкерди катуу жазалоону талап кылууда

Орусиянын Серпухово шаарында беш жашар Хувайдо Тиллозоданын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу Тажикстан Орусияга нааразылык нотасын жөнөттү.

Тажикстан ТИМи Орусиянын тиешелүү органдарынан наристенин өлүмүн кылдат иликтөөнү жана кылмышкерди катуу жазалоону талап кылууда.

Орусиялык ММКлардын маалыматы боюнча беш жаштагы Хувайдо 22-июлда үйүнүн алдында ойноп жаткан маалда жоголгон. Анын сөөгү эртеси күнү темир жолдун жээгиндеги спорттук баштыктан табылган. Соттук-медициналык экспертизада кыз зордукталып, андан кийин бычак менен сайылып өлтүрүлгөнү аныкталган.

Тергөө комитетинин Москва облустук башкармалыгы кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү жашоочу, кыздын ата-энесинин кошунасы Александр Семин кармалганын билдирди. Анын үйүндө кыздын бут кийиминин жана манжаларынын издери табылган.

Маркумдун атасы Абдусалом Саидов өзү дүкөнгө кетип, аялы кичүү кызын кароо менен алектенип жаткан маалда Хувайдону уурдап кетишкенин билдирди. "Кечки саат беш болуп калган. Кызымды 5-10 мүнөттүн ортосунда эле уурдап кетишти. Анын сөөгү танкы саат төрттө табылды ",- деди Абдусалом Саидов.

Бул арада Орусиядагы Тажикстан элчилиги учурда Хувайдонун сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн документтер даярдалып жатканын кабарлады.

Эң көп окулган жаңылыктар