10:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чүйдө изделип жаткан 2 бала табылды

Чүй облусунда изделип жаткан 2 бала табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, тартип сакчылары тарабынан өспүрүм балдар табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Балдар Бишкекте сейилдеп жүрүшүп, кийин өздөрү жашаган районго келип, таанышынын үйүндө болушканы аныкталды.

Эске салсак, 19-июлда милиция 2004-жылкы Кубаныч уулу Медербек жана 2004-жылы туулган Исламбек Назарбаев аттуу балдар жоголуп кеткендиги тууралуу билдирүү тараткан болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар