Чүй облусунда 2 бала дайынсыз болууда. Бул тууралуу ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери дайынсыз жоголгон Кубаныч уулу Медербек менен Исламбек Назарбаевди издеп жатышат. Алар Октябрь айылында 18-июлда кечки саат 7 жарымда үйлөрүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келишкен эмес.
Эки бала тең 2004-жылы туулган.
Кубаныч уулу Медербек
Өзгөчө белгилери: бою 160-
Исламбек Назарбаев
Өзгөчө белгилери: бою 160-
ШИИББ балдар тууралуу маалымат билгендер болсо төмөнкү номурларга чалып, билдирип коюуну суранат: 0312363527, 0700209666 , 0550510905 же 102.