12:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев Албек Ибраимовдун камалгандыгы тууралуу үн катты

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков жана мурунку мэр Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иши боюнча чындыктын  бааланбай жатканын көрүп, Бишкектин мэри Албек Ибраимовго карата тергөө иши бейтарап болот дегенге ишенбейм. Мындай билдирүүнү КСДП фракциясы экс-президент Алмазбек Атамбаевге шилтеме берип таратты. 

«Мамлекетке миллиондогон пайда алып келип жаткан «Дастан» ишканасы боюнча Албек Ибраимовго күнөөлү деп айып тагуу түшүнүксүз иш. Аталган ишкана өлкөнүн тарыхында биринчи жолу үлүштүк киреше алып келген», — деди мурунку президент.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз отурумда шаардын мэрин ишенимден чыгарышкан. Ага карата 40 депутат каршы добуш беришкен болчу.

Маалыматка караганда, 2012-жылдын январь айында «ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен «Дастан Инжиниринг» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Асылкүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Анда ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган.

Ал эми «Дастан» мекемесинин мурунку кызматкери жетектеген «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсы Украинанын мамлекеттик чарбалык эсеп компаниясынан аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 доллардан сатып алган. Аларды алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.

Натыйжада аталган 2 ишкананын ортосунда баасы атайылап жогорулатылып түзүлгөн келишимдин негизинде, мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар