11:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мамлекеттик сыйлык. 101 документ коллегиянын сынынан өттү

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн 352 документти карап чыгып,  жалпысынын 101 документ коллегиядан өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, документтер президентке караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча катчылыгына жиберилди.

Көрсөтүлгөн сыйлык ээлери кийинки тепкичте колдоо алса, 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын жана Ардак грамотасын ыйгаруу аземи болот.

Коллегия мүчөлөрүнөн колдоо алгандар:

  1. «Курманжан Датка» орденине 2 адам көрсөтүлдү, экөө өттү
  2. III даражадагы «Манас» орденине 8 адам көрсөтүлүп, 2 адам өттү
  3. «Данакер» орденине 2 адам көрсөтүлүп, 1 адам өттү
  4. «Данк» орденине 1 адам көрсөтүлдү бирөө өттү
  5. «Данк» медалына 11 адам көрсөтүлүп, 3адам өттү
  6. Кыргыз Республикасынын Эл сүрɵтчүсү наамына 8 адам көрсөтүлүп, 2 адам өттү
  7. Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамына 7 адам көрсөтүлүп, 2 адам өттү
  8. Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу наамына 3 адам көрсөтүлүп, 1адам өттү
  9. Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына 42 адам көрсөтүлүп, 8 адам өттү
  10. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына 113 адам көрсөтүлүп, 33 адам өттү
  11. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына 55 адам көрсөтүлүп, 20 адам өттү
  12. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти наамына 1 адам көрсөтүлдү-өттү
  13. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын 102 адам көрсөтүлүп, 25 адам өттү
Эң көп окулган жаңылыктар