12:20
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Канатбек Исаевдин эркиндикке чыгышы. Бийлик менен эч кандай соодалашуу болбоду

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин бийликти күч колдонуп басып алуу жана массалык башаламандык уюштуруу ниети болгон эмес. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине УКМКнын мурунку башчысы Кеңешбек Дүйшебаев билдирди.

Анын айтымында, Канатбек Исаевдин Бишкек шаардык сотунун чечими менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды.

«Соттун чечими менен Канатбек Исаевдин камактан чыгарылып, үй камагына которулушуна жакшы баа беребиз. Башка саясий туткундардын маселеси дагы алардын пайдасына чечилет деп үмүт кылабыз. Канатбек Исаев эч кандай басып алууларды даярдаган эмес. Ал мыйзам чегинде жүргөн тартиптүү жаран. Мурунку бийлик аны саясатчы катары жоготуу максатында саясий тапшырык ыкмасын колдонушту. Мен Канатбек Исаевдин эркиндикке чыгышы үчүн эч кандай соодалашуу жана сүйлөшүү болбогондугун ишендирип кетем», — деди Кеңешбек Дүйшебаев.

Эске салсак, Канатбек Исаевди УКМК былтыр 30-сентябрда кармаган. Ага «депутат бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат» деп интернетте тараган видео себеп болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби