18:17
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Канатбек Исаевге козголгон кылмыш иши токтотулду

Жогорку сот депутат Канатбек Исаевге карата чыгарылган биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөрттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине соттун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, сот иш боюнча териштирүүнү кылмыштын курамында жок болгондугу үчүн токтотту.

«Жер аянтын бөлүп берүү, «ТИГ» мекемеси менен «ТЦТ» ЖАКты түзүү, «Яшар» дүкөнүн көчүрүү эпизоддору боюнча Канат Исаевге, Болот Имамадиевге, Мирлан Эсенбековго карата Биринчи май райондук сотунун 2018-жылдагы өкүмү жокко чыгарылды», — деп билдиришти соттон.

Жогорку соттун соттук коллегиясынын токтому менен Канатбек Исаевге карата козголгон кылмыш иши, анын кылмыштын курамында жок болгондугуна байланыштуу токтотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар