17:32
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Канатбек Исаев камакта калтырылды

Биринчи Май райондук соту экс-депутат Канатбек Исаевдин мурунку баш коргоо чарасын күчүндө калтырды. Мындай чечимди судья Мирлан Термечиков кабыл алды.

Эске салсак, Канатбек Исаев 2017-жылдын 30-сентябрында мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданып жатат деген шек менен камакка алынган. Ал ошондон бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Мындан тышкары Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канатбек Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда «пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган» деп 12 жылга эркинен ажыраткан.

Жакында эле экинчи иши кайра каралып, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев соттон акталды. Бишкек шаардык соту Токмок шаарындагы муниципалдык жердин менчикке берилиши боюнча ишти мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотту. Парламенттин депутатына каршы дагы бир кылмыш иши козголгондуктан ал камоодо калды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума