04:48
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Канатбек Исаев үй камагында. Депутат иштесе болот, бирок кечки саат 8ге чейин

Жазык процессуалдык кодекстин эрежеси боюнча, үй камагындагы киши белгилүү бир жактар менен сүйлөшүүгө укуктуу эмес. Андан сырткары жашаган жеринен суткалап чыгып кетүүгө, соттун чечимисиз административдик аймактын чегинен өтүп кетүүгө, маалыматтык-телекоммуникациялык байланышты колдонууга болбойт. 

ЖАМКтан 24.kg агенттигине билдиришкендей, үй камагында отурган киши турак жайдан бир жерге чыгып кетүүдөн мурун тергөөчүдөн уруксат сурашы керек. Саат кечки 8де сөзсүз түрдө үйүндө болуп калышы керек. Эгерде аталган убактан кийин жолугушууга, же кандайдыр бир кечеге чыгып кеткен болсо, анда тергөөчү сотко кайрылып, жаранды камакта калтыруу өтүнүчүн билдире алат. 

Жогорку Кеңештин аппараты 24.kg агенттигине УКМКнын тергөөчүсүнөн Канатбек Исаев боюнча чектөө эскертүүлөрү келип түшпөгөндүгүн билдирди. 

Канатбек Исаев былтыр 30-сентябрда кармалган. Ага бийликти күч колдонуп басып алуу боюнча айып тагылган. Тергөө иштерин УКМК алып барган. Бул депутатка карата козголгон экинчи кылмыш иши болчу, буга чейин ал жемкордук беренеси боюнча күнөөлөнүп жаткан. Кийин ал иш мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартылган. Азыр экинчи иш боюнча иш уланууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар