20:46
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эмгек миграциясы үй-бүлөлөрдүн ажырашуусуна себепкер болууда

Эмгек миграциясы үй-бүлөлөрдүн ажырашуусуна, балдарга карата катаал мамиле жасоого жана кыздар арасында эрте турмуш курууга себепкер болууда. Бул тууралуу маалымат жыйында «Инсан Лейлек» өкмөттүк эмес уюмдун лидери Гүлнара Дербишева билдирди.

«Мигранттардын айрымдары чет жерге барганда экинчи үй-бүлө күтүп алышат. Биздин иликтөөлөр боюнча, мигранттардын үй-бүлөсүндөгү ажырашуулардын саны орточо 12 пайызга көбөйгөн. Мында эки ортодо туугандарынын колунда калган балдар жапа чегишет. Так ушундай үй-бүлөлөрдө балдар катаал мамилеге дуушар болушууда», — деди ал.

Ал билдиргендей, мындай үй-бүлөлөрдө кыздарды эрте турмушка берүү фактылары көп катталат.

Эң көп окулган жаңылыктар