14:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эстрада ырчысы Бурул Арунова үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган

Эстрада ырчысы Бурул Арунова күйөөсү менен ажырашуу арызын жазган. Ал эми жолдошу Эрнис Турсун уулу арызын кайра кайтарып алуусун талап кылууда. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн Instagram баракчасына күйөөсүнун жазган смстерин тиркеп жүктөдү.

Маалым болгондой, жолдошунун жазган смстеринен коркутууларды, оозго алгыс уят сөздөрдү жана өкүнүчтү окууга болот.

«Турсун уулу Эрнис 1990-жылы туулган, Кочкор районунун Чолпон айылынын сыймыгы! Жарым жылдан бери мага тынчтык бербей, актердук чеберчилигин көрсөтүп келет. Азыркы учурда ден-соолугум жабыркап турган убагым, күч органдары бул ишти карабай жатышат. Мага бул адамдын жашоосу баары бир, каалагандай жашасын, бактылуу болсуусун чын жүрөгүмөн каалайм. Бирок ар кайсы номур менен чалып, жазып, сөгүп,сүрөттөрүн жөнөтүп, үйгө келип жаңжал чыгарып тынчыбызды алып жатат (бут видео,фактылар бар). Бул чети гана. Тажадым!», — деп жазган Бурул Арунова.

Күйөрмандары, шоу-бизнес өкүлдөрү ырчыны колдоорун билдиришип, бул жаңжалдын себебин түшүндүрүүнү суранышкан.

«Кудай алдында өз абийирим менен турмушка чыккам. Анын мага койгон планы абдан чоң. Кайра жарашып, кол көтөргөнүнө чыдап жашашым керек экен. Иштебей менин башыма отуруп алып түбүмө жетиш керек экен. Менин атымды колдонуп, элден карыз алып жашаш керек экен (бул чети гана)», — деп жооп узаткан.

Эске сала кетсек, Бурул Арунова менен жолдошу Эрнис Турсун уулу 2019-жылдын 25-апрелинде баш кошушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар