12:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда бир жылда 46 өспүрүм жанын кыйды

Кыргызстанда 2019-жылы 46 өспүрүм жанын кыйган. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Пархат Тулендыбаев билдирди.

Депутаттын маалыматында, өз өмүрүнө кол салгандардын 26сы бала, 20сы кыз.

«Өспүрүмдөрдүн мындай жолго баруу себептери ар кандай. Айрымдарга ата-энелердин көңүл бөлүүсү жана мээрими жетишпейт. Көптөрү туугандарындыкында жашаган. Себеби, ата-энеси же миграцияда, же ажырашып кеткен. Кээ бирөөлөрүнүн курдаштары менен келишпестиктери болгон», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 11-февралда Бишкек шаарындагы № 16 мектекте өспүрүм окуучу асынып алды. Мектеп жетекчилиги баланын жакында эле жеке менчик мектептен которулганын жана анын ата-энеси ажырашканы жатканын айтышты.

Эң көп окулган жаңылыктар