02:05
USD 69.40
EUR 81.11
RUB 1.02

Эмгек мигранттары Кыргызстанга 972,3 миллион доллар акча которушкан

5 ай аралыгында эмгек мигранттары Кыргызстанга 972,3 миллион доллар акча которушкан. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 120 миллион долларга көп. Акча которуулар боюнча алдыда Орусиялык мигранттар турат. Алар 954, 4 миллион доллар которушкан. Кийинки орунда АКШ турат.

Ал эми Кыргызстандан башка өлкөлөргө 5 айда 196,1 миллион доллар которулган.

Эң көп окулган жаңылыктар