10:57
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

«Жибек жолу» веложарышы. Кыргызстандын атынан 1 кыз катышат

«Жибек жолу» аталышындагы тоодогу веложарышка катышуу үчүн Кыргызстандын атынан бир эле кыз арыз берди. Бул тууралуу маалымат жыйында Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Түштүк Африка, Казакстан, Франция, Голландия, Ирландия, Финляндия, Австрия, Норвегия, Швейцария, Германия, Индия жана башка өлкөлөрдөн келген 95 спортчу катышмакчы.

Маалым болгондой, кыргызстандын атынан 27 жаштагы Гүлбара Оморова аттуу кыз катышат.

Жарыш Бишкек-Токмок-Нарын-Соң-Көл-Ысык-Көлдүн түштүк жээги — Кемин жолунда болот. Иш чара 18-августтан 1-сентябрга чейин уланат.

Эң көп окулган жаңылыктар