04:14
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата веложарыш уюштурулат

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата веложарыш уюштурулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын максаты — шаар тургундарын сергек жашоого үндөө, саламаттыгын чыңдоо, калк арасында велоспортту кеңири жайылтуу, калктын спортко болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

Иш-чарага 18 жаштан жогорку курактагы аялдар жана эркектер катыша алат. Мелдеш 15-сентябрда саат 10.00дɵ Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума