15:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

УКМК: Нурбек Токтакуновдун билдирүүсү карандай калп

Жактоочу Нурбек Токтакуновдун мурунку премьер-министр Сапар Исаковго жактоочуңдан баш тарт деп сунуш келди деген билдирүүсү карандай калп. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сапар Исаковго карата тергөө амалдары мыйзамдын алкагында жүргүзүлүүдө.

«Кыргызда уурусу күч болсо, ээси айыпка жыгылат деген макал бар. Нурбек Токтакуновдун билдирүүсү кезектеги арзан пиар», -деп билдиришти УКМКдан.

Эске салсак, буга чейин Нурбек Токтакунов экс-премьер-министр Сапар Исаковго жактоочунун көрсөткөн кызматынан баш тартууну сунуштап жатышат деп билдирген.

Анын айтымында, кечээ ал УКМКнын тергөө абагына барып, кардары менен кезиккен.

Жолугуу маалында мурунку премьер-министр 13-июлда саат 11де УКМКнын тергөөчүсү Кубаныч Сабыровдун иш бөлмөсүнө алып барышканын айткан. Анда тергөөчү бөлмөсүнөн чыгып кетип, УКМКнын Илим аттуу кызматкери Сапар Исаковго жактоочу Нурбек Токтакуновдун кызматынан баш тартуусун суранган. Болбосо Викиликс сайтында мурда жарык көргөн маалымат боюнча кылмыш иши козголо тургандыгын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар