02:31
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Париждин тургунуна кыргыз меймандостугу жагып, таштандыларга нааразы

Карл Хаддаддын жеке архивинен
Фото Карл Хаддаддын жеке архивинен

Ливан тектүү Париждин тургуну Карл Хаддад Бишкекке Novastan франкотилдүү маалымат агенттигинен стажировка кылуу үчүн келген. Ал кыргызстандыктардын меймандостугуна жогору баа бере тургандыгын, бирок көчөлөрдөгү таштандылар анын зээнин кейиткендигин айтат.

— Бишкекке алгачкы жолу келгенде кандай сезимдер болду?

— Тоолуу пейзажды көргөндө толкундангам. Абдан керемет экен! Бишкекке биринчи жолу келгенимде Минск, Киев же Новосибирск шаарларындагы көчөлөрдө жүргөндөй эле сезимдер болду. Баардыгы тааныштай сезилди.

— Бишкекте сизди таң калтырган нерселер?

— Бишкекте негизинен советтик шаарларга мүнөздүү болгон архитектуралар жана эстеликтер орун алган. Бирок, аны уникалдуу кылып турган жергиликтүү, аймактык бир өзгөчөлүгү бар. Балким, советтик, орус маданияты менен чыгыш ноталары бар азиаттардын жана ислам маданиятынын аралашмасы болгону үчүн ушундай сезилип жатса керек.

— Бишкек менен өзүңүз туулган шаардын окшоштуктары барбы?

— Ооба, туулуп өскөн шаарым Ливанда кыргызстандыктардыкындай меймандостук бар. Бул жакта эл чын пейил, ак көңүл, ар дайым жардам берүүгө даяр. Тамак аш жагынан да окшоштуктар бар, айрыкча шиш кебек менен айран.

Бул жакта менин үй-бүлөм жана досторум гана жетишпейт. Окуу менен бирге жаңы тааныш табуу максатында келгем. Орто Азия Европа менен Жакынкы Чыгышта жакшы белгилүү. Бирок, менин тааныштарымдын айрымдары гана бул жакка саякат кылуу сунушума кызыгышууда.


— Бишкекте эң жакшы көргөн жайыңыз кайсы?

— Менин Бишкекке келгениме аз гана убакыт болду, бирок Жеңиш эс алуу жайы мага өтө жагат. Ал жакта кызыктуу скульптуралар бар. Ошондой эле, борбор калаадагы орус-православдык чиркөөсү жагат.

— Улуттук ашканадан кайсы тамактарды жактырасыз?

-Палоо менин эң жакшы көргөн тамагым. Мен аны күндө жегенден тажабайм.

— Кыргызстандын кайсы жерлерине саякат жасадыңыз?

-Жакында эле Токмок шаарына жакын жайгашкан Бурана мунарасына барып келдим. Ысык-Көлгө барып, Жомок каньонуна чыгып келдим. Ал жерлер абдан кооз экен.

Карл Хаддаддын жеке архивинен
Фото Карл Хаддаддын жеке архивинен

— Жергиликтүү калк менен таанышкандан кийин сизди эмнелер таң калтырып, эмнелер нааразы кылды?

— Менин Жакынкы Чыгыштан экенимди билгендер мага «ассалам алейкум» деп саламдашканы абдан жакты. Бул жакта эл абдан ачык мүнөз, достукту баалашат. Жаңы гана таанышканына карабай коноктоп, ал тургай чогуу саякаттап келүүгө даяр. Парижде мындай көрүнүш жок.

—Бишкекте эмнени өзгөртөт элеңиз?

— Мен көчөлөрдөгү таштандыларды көрүп нааразы болдум. Жергиликтүү тургундар тазалыкты сактоого көп аракет кылышса, шаар мындан дагы көркүнө чыкмак деп ойлоймун.

Карл Хаддаддын жеке архивинен
Фото Карл Хаддаддын жеке архивинен

Эң көп окулган жаңылыктар