05:27
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстандык окуучулар шахмат боюнча Азия чемпионатында 2 медаль утушту

Кыргызстандык окуучулар шахмат боюнча Азия чемпионатында 2 медаль утушту. Бул тууралуу chess-results.com. сайты билдирди.

Маалыматка караганда, тез шахмат боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Анда 7 тур менен ойнолгон оюнда 11 жашка чейинки балдар арасында 5,5 балл менен Тилекматали Сулайманов күмүш медалды багындырды. 13 жашка чейинки кыздар арасында Нурай Советбекова коло медалга ээ болду.

Классикалык шахмат боюнча азырынча пландаган 9 турдун 6 туру ойнолду. Азия чемпионаты 7-15-июль күндөрү Шри-Ланкада өтүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар