00:49
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Бишкекте 11-16-апрелде грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев маалымат жыйынында билдирди.

Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келери күтүлүүдө.

Бишкекте Азия чемпионаты 2007-жылы жана 2018-жылы өткөн.

Эскерте кетсек, 19-21-апрель күндөрү Бишкекте олимпиадага тандоо туру өтөт.

Буга чейин балбандар Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков жана суучул Денис Петрашов олимпиадага жолдомо алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар