23:17
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Тоо-кен байлыктарын иштетүү менен Кыргызстан 83,3 миллиард доллар киреше табат

Геологдор Кыргызстан тоо-кен тармагын иштетүүдө канча киреше таба ала тургандыгын эсептеп чыгышты. Бул тууралуу маалымат жыйында Тоо кен өнөр жайчылар жана геологдор бирикмесинин төрагасынын биринчи орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусу тоо-кен иштетүүдө 9,4 миллиард, Талас 1,5 миллиард, Чүй өрөөнү 1,8 миллиард, Жалал-Абад облусу 9,2 миллиард доллар киреше таба алышат.

«Баткен облусу пайдалуу тоо-кендерге өтө бай аймак. Ал 38,4 миллиард доллар киреше таба ала турган мүмкүнчүлүгү бар. Муну Кумтөр менен Жерүй алтын кендерине салыштырып болбойт. Нарын облусунда кен байлыктардын кору 32,5 миллиард долларга бааланууда», —деди Дүйшөнбек Камчыбеков.

Анын билдиргенине караганда, тоо-кен байлыктарын иштетүү менен Кыргызстан жалпы суммасы 83,3 миллиард доллар киреше таба алат. 

 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума