21:52
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Түндүк-чыгыш бажысынын кызматкерлери жемкорлукка шектелүүдө

Башкы прокуратура Түндүк-чыгыш бажысынын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Аларга «Жемкорлук», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып тагылууда.

Маалым болгондой, май айынан июнга чейин Бажы башкармалыгы борбору менен Түндүк-чыгыш бажысынын кызматкерлери «L.G.» жана «K.G.» ЖЧКлары менен ич ара сүйлөшүп алышып, бажы төлөмдөрүн төлөдү деген жасалма квитанцияны пайдалануу жолу аркылуу Кытайдан алынып келген 18 миллион сомдук товарларды декларация боюнча каттоого алышкан. Бирок, көрсөтүлгөн бажы төлөмдөрү декларация боюнча келип түшкөн эмес.

Учурда иликтөө жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар