03:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Базар-Коргон районунда 24 жаштагы тургун сууга чөгүп каза болду

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда 24 жаштагы тургун сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-июлда Акман айыл аймагындагы Кайырма көлүнө 1994-жылы туулган М. уулу А. аттуу тургун чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Куткаруучулар суудан маркумдун жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар