Бишкекте Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, Чоң Чүй каналы менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишинде азият улутундагы болжол менен 20-25 жаштардагы кыздын сөөгү табылган.
Маркумдун бою 155-160 сантиметр, арык, чачы сары. Үстүндө боз түстөгү футболка, кара түстөгү жынсы шым жана ак өңдөгү спорттук бут кийим болгон.
Учурда кыздын өздүгү тактала элек.