01:20
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кара-Сууда Папан суу сактагычына 31 жаштагы эркек киши чөгүп кетти

Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагындагы Папан суу сактагычына 31 жаштагы Д.К. аттуу эркек киши чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМдан 12 куткаруучу тартылган. Бүгүн, 26-июль күнү саат 08:50дө изделип жаткан жарандын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылды.

Ал Папан суу сактагычына эс алууга барып, сууга түшүп жатып чөгүп кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар