Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылында бир киши каналдагы сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 33 жаштагы киши каза болду.
Издөө иштерине 8 куткаруучу тартылган. Алар эртең менен жарандын денесин каналдан таап чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.