17:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанга жыл башынан бери 504 миң 500 тонна мунай зат импорттолду

Кыргызстанга жыл башынан бери 504 миң 500 тонна мунай зат импорттолду. Бул тууралуу нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, өлкөгө 234 миң тонна бензин, 270 миң 500 тонна дизелдик отун ташылып келинген. Июлдун башындагы көрсөткүч боюнча учурда 84 миң тонна мунай зат калды.

Эске салсак, республиканын аймагында биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасы жыл башына караганда өскөн. Январь-июнь айларында бензин орто эсеп менен 2,6 сомго кымбаттаган. Ал эми дизелдик отундун баасы 4,4 сомго көтөрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар