19:16
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Орусия Кыргызстанга ташылып келген мунайзатка карата бажы төлөмдөрүн албайт

Орусиянын президенти Владимир Путин мунайзатты ташып келүү тармагында байланыш тууралуу орус-кыргыз өкмөттөр аралык макулдашуунун протоколун ратификациялоо тууралуу федералдык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Документке ылайык, Орусия Кыргызстанга ташылып келген мунайзатка карата бажы төлөмдөрүн албайт.

Эске салсак, 6-декабрда кыргызстандын өкмөт башчысынын кийлигишүүсү менен Өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү менен Орусиянын Энергетика министрлиги 2019-жылга карата индикативдик баланска кол коюшкан.

Эң көп окулган жаңылыктар