12:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кытайдан импорттолгон унаалардын саны 35 эсеге өстү

Кыргызстанга 2023-жылдын тогуз айында Кытайдан 32 миң 573 автоунаа импорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында көрсөтүлөт.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 35 эсеге өскөн. 2022-жылдын тогуз айында 938 гана унаа алынып келинген.

 Унаалардын жалпы баасы 516,3 миллион долларды түздү. Ошондо бир унаа орточо 15,8 миң доллар турат.

Түштүк Кореядан алынып келинген унаалардын да көрсөткүчү жогорулады. 38 миң 375 унаа 321,1 миллион долларга импорттолгон. Бул былтыркы көрсөткүчтөн сегиз эсе көп, өткөн жылы Түштүк Кореядан 30,5 миллион долларга 4,7 унаа сатылып алынган.

Мындан тышкары, 15 миң 6 унаа АКШдан 153,8 миллион долларга, 10 миң 796 унаа Россиядан 105,4 миллион долларга жана 9 миң 5 транспорт каражаты Япониядан 151 миллион долларга алынып келинген.

2023-жылдын тогуз айында эле Кыргызстанга 122 миң 458 автоунаа кирген, алардын баасы 1 миллиард 667,1 миллион долларды түзөт. Өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 4,8 эсеге өскөн.

Эң көп окулган жаңылыктар