05:36
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстан менен Кытай ортосундагы импорттун айырмачылыгы 3 млрд доллардан ашат

2019-жылы Кытайдан 1 миллиард 942 миллион доллар товар импорттолгон. Бул тууралуу ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча депутаттык топтун жыйынында айтылды.

Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев билдирүүсүндө, Кытай тараптын маалыматында Кыргызстанга 5 миллиард өлчөмүндө товар жөнөтүлгөн. Айырмачылык 3 миллиард доллардан ашат.

«Кытай Кыргызстан аркылуу үчүнчү өлкөлөргө өткөн жүктөрдү дагы бизге кошот. Андан сырткары, алар жүктү салмагына карата баалайт. Башка категориялар боюнча дагы айырмачылыктар бар. Бирок, Кытай ички мыйзамдарына таянып, бизге алардагы маалыматтар менен салыштырып чыгууга ачык мүмкүнчүлүк бербейт. Кытай менен Казакстандын ортосундагы айырмачылык 6 миллиард доллар», — деп түшүндүрдү Алтынбек Торутаев.

Бажы кызматынын төрагасы 1-июнда тарта Кыргызстанга болгон экспортту электрондук түрдө ыкчам берип турууга макул болгонун белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар