01:20
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанда чийки мунайды экспорттоого тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда чийки мунайды экспорттоого тыюу салуу керек. Мындай сунушту Экономика министрлиги киргизди.

Маалыматка караганда, акыркы жылдары Тажикстан менен Өзбекстанга мунайды экспорттонун көлөмү кескин түрдө көбөйгөн. Ал эми Кыргызстандын керектөөлөрүн Орусиядан импорттолгон мунай заттары жабууда.

Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү 4 завод бар. Чийки мунайдын кору аз. Өлкөгө жалпысынан 1,5 миллион тонна мунайга керектелсе, жыл сайын 130 миң тоннага жакыны гана өндүрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар