16:13
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанда 118 миң 709 киши унааларын кайрадан каттоодон өткөрүштү

2-апрелден 1-июлга чейин 118 миң 709 киши унааларын кайрадан каттоодон өткөрүштү. Бул тууралуу маалымат жыйында Каттоо кызматынын кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Усеин Касмалиев билдирди.

Анын айтымында, унааларын каттоодон өткөргөндөрдүн саны боюнча Чүй облусу алдыда турат. Аталган облуста 24 миң 169, Бишкекте 21 миң 859, Ош облусунда 21 миң 521 киши унааларын кайрадан каттатышты.

Ал эми Таласта 3 миңден ашуун, Нарын облусунда 6 миңге жетпеген жаран каттоодон өткөрүштү.

Эске салсак,  унааларды жеңилдетилген тартипте кайра каттоо бүгүн саат 22:00дө токтойт. 

Эң көп окулган жаңылыктар