21:22
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн фонд ачат

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн каражат чогултуу боюнча атайын фонд ачат. Бул тууралуу парламенттин бир жылдык жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйында төрага Дастан Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн сырткы карызын төлөө үчүн каражат бөлө тургандардын саны көп.

«Биз азыр фонддун мыйзамдуулугун талкуулап жатабыз. Качан гана маселе чечилгенде фондду ачабыз. Чогулган каражаттын баары бюджетке которулат», — деди төрага.

Эске салсак, премьер-министр тышкы карыздан кутулуу максатында каалоочулар үчүн атайын эсеп ачкан.

Эң көп окулган жаңылыктар