23:56
USD 84.77
EUR 103.24
RUB 1.14

Өлкөнүн мамлекеттик карызы бир жылда 380 миллион долларга көбөйдү

20-жылдын 30-ноябрына карата өлкөнүн тышкы карызы 4 миллиаррд 887 миллион 46 миң долларды түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул сумманын 86,3% же 4 млрд 218 млн 38 миң доллары тышкы, 13,7% же 669 млн доллары ички карыш болуп эсептелет. Кыргызстан баарынан көп Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына карыз — 1 млрд 782 млн 37 миң доллар. Эл аралык өнүгүү ассоциациясына 671 млн доллар, Азия өнүгүү банкына 600 млн доллар бересе.

Былтыр, 2019-жылы 30-ноябрда мамлекеттик карыз 4 млрд 503 млн 48 миң долларды түзгөн. Бир жылда бул сумма 383 млн 980 миң долларга көбөйдү.

Эң көп окулган жаңылыктар