Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мыйзам 2023-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Максаты — мамлекеттик үлүшкө катышкан чарбакер коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик үлүшкө катышкан чарбакер коомдордун наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгуу жолу менен инвестицияларды тартуу болуп саналат.
Улуттук инвестициялык фондунун максаттарын жана милдеттерин, укуктук статусун, анын ишин жөнгө салуунун тартибин, анын жана мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле фонддун жана акциялары ишенимдүү башкаруусуна таандык болгон же өткөрүлүп берилген юридикалык жактардын укуктук абалынын башка өзгөчөлүктөрүн аныктайт.
Мыйзамда фонддун капиталы акцияларын чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында министрлер кабинети тарабынан түзүлөт. Фонддун акциялары аларды жайгаштыруунун жүрүшүндө анын жогорку башкаруу органынын чечими менен бекитилген тартипте жана шарттарда төлөнөт.
Фонддун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөө башка чарбалык жана/же акционердик коомдордогу акциялар (катышуу үлүштөрү), мүлктүк комплекстер жана мамлекетке таандык башка мүлктөр менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Фонддун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөө эсебине өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик менчик объекттерин, анын ичинде стратегиялык объекттерди пайдалануу жөнүндө чечим министрлер кабинети тарабынан кабыл алынат.
Фонддун өнүктүрүү стартегиясына ылайык анын туунду компаниялары мамлекеттик программаларын ишке ашырууга катыша алат. Фонддун жана анын туунду компанияларынын долбоорлорго катышуусу социалдык маанилүү болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кайра өндүрүүдө же алардын иш чөйрөлөрүн өнүктүрүүдө жагымдуу рыноктук шарттарды түзүү менен коштолушу мүмкүн.